"Умай Групп" - Жаңы жылда сиздер менен! Тандооңуздар үчүн рахмат!

Урматтуу кыргызстандыктар! Ата мекендик ири сатуучу болгон "Умай Групп" компаниясы сиздерди келе жаткан 2025-жаңы жылыңыздар менен куттуктайт! Биз басып өткөн жолубузду сыймыктануу менен карап, сиздерге биздин кардар болуп, ишеним көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет. Бизди жакшыраак болууга шыктандырып, өсүп-өнүгүүгө жардам берген сиздерсиздер.

Жаңы 2025-жылыңыздар менен куттуктайбыз! Жашооңузду бактылуу көз ирмемдерге, чың ден-соолукка толтурган жыл болсун, үйүңүздөр жайлуулукка, жылуулукка толсун. Ар дайым кыялдарыңыз орундалышын каалайбыз.

Мындан 20 жылдан ашык убакыт мурун биз сооданы ар бир кыргызстандык үчүн ыңгайлуу, жеткиликтүү жана пайдалуу кылуу деген кыял менен жолубузду баштаганбыз.

Бүгүнкү күндө биз өзүбүздүн максатыбызга мүмкүн болушунча жакындай алганыбызга сыймыктанабыз. Өткөн жылы биз өлкөнү кыдырып, тейлөөбүздү өнүктүрүүнү жана жакшыртууну уланттык. Биз өлкө боюнча жаңы, заманбап дүкөндөрдү ачууну уланта бердик.

Бүгүнкү күндө "Умай Групп" төмөнкү дүкөндөрдү башкарат: 29 "Народный" дүкөнүн, 13ү ушул жылы ачылган 75 Globus дүкөнүн, 10у ушул жылы ачылган 31 "Достор" дүкөнүн, 4ү ушул жылы ачылган 7 SPAR дүкөнүн.

"Умай Групп" өлкөдөгү эң ири коммерциялык иш берүүчү болуп саналат. Биз өлкөнүн экономикасын колдоо менен бирге жаңы жумуш орундарын түзүүнү улантуудабыз.

Биздин тармактарда сатылган товарлардын жогорку сапатына жана жаңылыгына кепилдик беребиз. Биз компаниянын тандоо талаптарына, ченемдик укуктук актыларына жана биздин өлкөнүн көзөмөлдөөчү органдарынын талаптарына жооп берген ишенимдүү жеткирүүчүлөр менен иштешебиз.

"Умай Групп" бааларды турукташтырууга жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого өзгөчө көңүл бурат, ата мекендик азык-түлүк жана башка товарларды өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүүдө.

2024-жыл жаркын долбоорлор менен эсибизде, алардын арасында өзгөчө орунду Globus дүкөндөр тармагынын биринин чыгармачыл биримдиги жана Be Adam бренди ээледи. Бул кызматташтыктын натыйжасы өлкөнүн жашоочуларынын жана конокторунун жүрөгүнөн түнөк тапкан "Кыргызстандын керемети" чектелген сериясы болду.

Биринчи дропубуз биздин жерибизге арналса, экинчиси өлкөбүздүн тарыхынын жана маданиятынын байлыгын чагылдырган. Бул коллекциялар – бул долбоорлорду ишке ашыруу менен биз мекенге, анын табиятына, тарыхына, элине болгон сүйүүнү жана урматтоону билдиргибиз келди.

2025-жылы "Умай Групп" республиканын ар бир тургуну өзүнө ыңгайлуу убакта жана ыңгайлуу жерде жакшы сатып алууларды жасай алышы үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында өзүнүн дүкөндөр тармагын кеңейтүүнү пландоодо.

Биздин Globus, "Народный", "Достор" жана SPAR дүкөндөрүн тандаган кардарларыбызга ыраазычылык билдиребиз!

Урматтуу Кыргызстандыктар! Ар бириңиздерге биз менен болгонуңуздар үчүн, тандооңуздар, ишенимдериңиздер, пикириңиздер жана каалоо-тилектериңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз. 2025-жыл сиздер үчүн бакыттын, ийгиликтин жана жаңы жетишкендиктердин жылы болсун. Бул жыл сизге жаркын эмоцияларды, дем жана кубанычтуу окуяларды гана алып келсин!

Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу кардарлар!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан