Өрттөнүп жүрүп бара жаткан унаа: Кырсык кайсы жерде катталганы айтылды

Жолдон өрттөнүп жүрүп бара жаткан жүк ташуучу унаа Нарын облусунун Кочкор районунда болгон. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору SUPER.KG порталына кабарлады.

Маалымдалгандай, окуя Торугарт унаа жолунда катталган. Өрт толук саат 20:05те өчүрүлгөн. Аны өчүрүүгө Кочкор райондук №42 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.

Кошумчалангандай, жүк ташуучу унаа эмерек жүктөп бара жатканда кырсыкка кабылган. Жабыркагандар болгон эмес.

Учурда анын себеби такталып жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 31-декабрда жолдо өрттөнүп жүрүп бара жаткан оор жүк ташуучу унаанын видеосу тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан