Акыркы сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 8-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен бир адам каза болгон.