Лейлек районунун Арка айылында белгисиз жардыруучу зат жарылып, эки адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Окуя кечээ, 5-январь күнү саат 16:20 чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында болгон. Анда 32 жаштагы А.Н. (аял киши) жана анын 11 жаштагы кызы К.А. өздөрү жашаган үйдүн короосун жыйнап жатып, короосунда жыйналып турган эски темирлердин арасынан белгисиз затты алып үйдүн жанындагы бетонго таштаган учурда ал зат кокусунан жарылып кеткен. Жыйынтыгында аял кишинин бет тарабы, ал эми анын кызынын бут тарабы жабыркап, алар ооруканага түшкөн.
Бул факты Лейлек РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге инженердик сапердук топ чакырылып, курчоого алынган. Ошол эле үйдүн тургуну 39 жаштагы А.К. өзүнүн берген көрсөтмөсүндө аталаган белгисиз жардырылуучу зат 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан улам калган болушу мүмкүн экендигин билдирген.
Учурда жогорудагы жагдай боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, экспертизалар дайындалып, алгачкы текшерүүлөр башталды.