"Снаряд болгон". УКМК Арка айылындагы жарылуу боюнча билдирүү жасады

УКМК Лейлектеги Арка-2 айылында үйдүн короосунда болгон жарылуу боюнча билдирүү жасады.

Анда УКМК жарылган зат снаряд болгонун билдирди.

"Жарылуудан улам бир үй-бүлөнүн эки мүчөсү: А.Н. аттуу аял жана анын өспүрүм кызы жабыркаган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жарылуунун себеби А.Н. аттуу жаран эски курулуш материалдарынын арасынан тапкан аныкталбаган жарылгыч зат снаряд болгон.

2022-жылы анын үйү ок атуунун кесепетинен өрттөнүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, үй ээси бастырманын астындагы эски курулуш материалдары менен темир буюмдарды жыйнап жатып, снаряд таап алып, ал жарылып кеткен. Жарылуунун жыйынтыгында А.Н. жана андан алыс эмес турган 11 жашар кызы жаракат алышкан. Учурда жабыркагандар ооруканада, аларга зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлдү. Алардын акыбалы туруктуу деп мүнөздөлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

Жарылуу болгон жерди УКМКнын Чек ара кызматынын инженерлери дароо курчоого алышкан. Окуя болгон жерде бардык жагдайды аныктоо үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери комплекстүү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

"Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, тажик тарап болгон окуя тууралуу кабардар болду", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан