Искандарбек Маматов: "Аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы чечимдери"

Искандарбек Маматов: Экономика жана коммерция министрлиги 2025–2030-жылдарга карата комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыкты. Программа 2025-жылдан тартып ишке ашырыла баштайт.

– Программанын негизги максаттары жана милдеттери кандай?

Программанын негизги максаты – туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу. Буга чейин, 2018–2023-жылдары, региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык концепциянын алкагында да бир топ иштер аткарылып, элге кызмат көрсөтүү, суу жана таштанды маселелерин чечүү багытында иштер жүргүзүлгөн.

Жаңы программа аймактарды өнүктүрүүгө төрт негизги багытты аныктаган:

  1. Ири шаарларды өнүктүрүү. Бишкек жана Ошту региондор үчүн үлгү катары карап, алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу.
  2. Аймактык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу. Туризм жана айыл чарба тармактарын өнүктүрүү менен коңшу аймактарды камтуу.
  3. Мейкиндикти пландаштыруу. Шаар жана айылдардын аймактарын системалуу өнүктүрүү, инфраструктура жана коомдук жайларды туура бөлүштүрүү.
  4. Аймактык башкарууну жакшыртуу. Административдик-аймактык реформалар аркылуу аймактарды башкарууну натыйжалуу кылуу.

– Региондордо негизги маселелерди чечүү үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?

Биз административдик-аймактык реформалардын алкагында 452 айыл аймагын 231 аймакка бириктирдик. Ошондой эле, 32 шаарларыбыздын катарына жаңы райондук маанидеги Шамалдуу-Сай шаары кошулду, Кант жана Кара-Балта облустук маанидеги шаарлар болуп жарыяланды. Мындай өзгөрүүлөр ресурстарды (адамдык, каржылык, табигый) натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.

Мейкиндикти пландаштыруу боюнча азыркыга чейин улуттук жана жергиликтүү деңгээлде туруктуу схемалар болгон эмес. Жаңы программа экономикалык зоналарды, калктуу конуштарды жана коомдук объектилерди туура жайгаштырууга багытталган.

– Бул реформалар эмнеге алып келет?

Бириктирилген айыл-аймактар жана кеңейтилген шаарлар ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, инвестиция тартууга жана жергиликтүү көйгөйлөрдү ырааттуу чечүүгө өбөлгө түзөт. Административдик-аймактык реформа аркылуу аймактык башкаруу системасынын натыйжалуулугу жогорулайт. Бул экономикалык өсүшкө жана аймактарды өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

– Социалдык шарттарды жакшыртуу жана жумуш орундарын түзүү үчүн программа кандай пайда алып келет?

Бул программа 2022-жылдын 18-октябрында чыккан Кыргыз Республикасынын Президенттин № 350 Жарлыгына ылайык иштелип чыккан. Анын негизинде аймактарды өнүктүрүү максатында бир катар чаралар каралган:

  1. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо. 2025-жылдан тарта айрым аймактарда пилоттук негизде жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо максатында мамлекеттик субсидиялар бериле баштайт. Бул үчүн, биринчи ирээтте региондордун өнүктүрүү фонддорунун каражаттары колдонулат.
  2. Жоопкерчиликти күчөтүү. Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунда министрликтердин өкүлчүлүктөрүн 2025-жылдан тартып акимчиликтердин убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү пландалууда. Бул райондук деңгээлде башкарууну ырааттуу түзүп чыгууга өбөлгө түзөт.
  3. Инфраструктураны жакшыртуу. Социалдык объекттерди курууга жана эс алуу борборлорун уюштурууга каражаттар бөлүнүп жатат. Мисалы, 2022 2023-жылдары Каракол жана Жалал-Абад шаарларына 2 миллиард сомдон бөлүнүп, шаарлардын инфраструктурасы жакшыртылды. Ал эми, 2024-жылы Кара-Балта жана Токмок шаарларына 1 миллиард сомдон берилди.
  4. Аймактарды өнүктүрүү борборлору. Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду андан ары өнүктүрүү боюнча Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жыдын 15-ноябрындагы № 326 Жарлыгы менен пилоттук райондор деп аныкталган Ош облусунун Өзгөнрайонунун жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун административдик борборлору Өзгөн жана Кант шаарлары өнүгүүнүн таяныч борборлору катары тандалып жатат. Башка аймактар сынактык негизде тандалып, өнүгүү пландарына киргизилет.

– 2030-жылга чейин программа кандай натыйжа берет жана элдин жашоосуна кандай таасир этет?

Программанын негизги максаты – урбанизацияны өнүктүрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу. Учурда калктын 35% гана шаар жерлеринде жашайт. Биздин максат – бул көрсөткүчтү көбөйтүү.

Аймактарды өнүктүрүү: Аймактардын инфраструктурасын жакшыртып, билим берүү, эс алуу, маданият жана өндүрүш объектилерин куруу пландалууда. Көп кабаттуу үйлөрдүн жанында мектептер, бала бакчалар, бейтапканалар, эс алуу жайлары курулат.

Айылдарды камтуу: Шаарларды өнүктүрүү менен катар жанындагы айылдар да камтылат. Бул шаар жана айыл ортосундагы айырмачылыкты азайтып, айыл тургундарына да шаардык деңгээлде шарттарды түзүүгө багытталган.

Эл аралык тажрыйба: Казакстандын агломерация боюнча мыйзамын үлгү катары карап, Бишкек жана Ош шаарларына жакын жайгашкан аймактарды өнүктүрүү пландалууда. Өнүккөн өлкөлөрдө калктын 60–90% шаарларда жашайт, ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч азырынча 35% гана түзөт.

– Жергиликтүү бийлик жана калк программага кантип катыша алат?

Бул процесс 350-Жарлыктын негизинде иштелип чыкты. Дүйнөлүк банктын эксперттери менен биргеликте методология даярдалды. Программа эки деңгээлге бөлүнгөн:

  1. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн;
  2. Райондук деңгээлдеги мамлекеттик администрация үчүн.

Координациялык кеңештер түзүлүп, аймактардагы жарандарга жана уюмдарга катышуу жолдору түшүндүрүлдү. 231 айыл аймак жана 33 шаар өзүнүн программасын иштеп чыгып, сунуш кылат. Алгач коомдук талкуулар өткөрүлүп, бекитилгенден кийин документтер бизге жөнөтүлөт. Методологиянын аткарылышы жана пландоо процесси көзөмөлгө алынат.

– Программаны ишке ашыруу үчүн акча кайдан алынат? Жеке инвесторлор тартылабы?

Программа республикалык жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. Кумтөр кенинин мамлекетке өткөнү каражатты көбөйттү. Ошондой эле, инвестиция жана донордук жардамдарды тартуу каралган. Бул процесс уланып, көпчүлүк долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

– Чакан жана орто бизнести колдоо үчүн кандай чаралар каралган?

Биз 1+1 принцибин киргиздик. Бул механизм миграцияда жүргөн жарандардын өз мекенинде жеке иш ачууга шарт түзөт. Ал кандай иштейт? Мигрант өз каражатын инвестицияласа, мамлекет ошончо сумма кошумча бөлүп берет. Бул жарандын бизнесин баштоосуна чоң жардам болот.

Мындан тышкары, Эл аралык миграция уюму менен биргеликте “Мигрант – Эл аралык миграция уюму – жергиликтүү бийлик” деген пилоттук долбоорду Баткен облусунда ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Бул да ишкерлерге болгон чоң колдоо. Программада чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган дагы бир катар механизмдер каралган. Анын ичинде миграцияда жүргөн жарандарды өзүнчө карадык. Биринчилерден болуп Англияда иштеп жүргөн Баткен облусунун тургундары аркылуу бул долбоорду ишке киргизели деген оюбуз бар.

– Буга чейин ишке ашырылган долбоорлордон кандай сабак алынды?

Биз аймактарды башкаруу системасын жакшыртуу үчүн комплекстүү пландоону ишке киргизүүнү максат кылдык. Буга чейин укуктук-ченемдик акты жок болгондуктан, бул маселеде тактык жетишпей келген. Эми жогорку деңгээлде пландоо системасын киргизип, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн райондук деңгээлдеги программаларды даярдоодобуз.

Ошондой эле, жер-жерлерде адистердин дараметин жогорулатуу зарыл экенин байкадык. Биз аларды адистештирип, санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну көздөп жатабыз. Мунун негизинде адистер жогорку деңгээлде тапшырмаларды анализдеп, өз аймактарында мыкты чечимдерди иштеп чыга алышат.

Бул максатта Экономика жана коммерция министрлигинин алдында пландоо жана божомолдоо боюнча аналитикалык борбор түзүү пландалууда. Ал жергиликтүү адистерге илимий-усулдук колдоо көрсөтөт.

– Программа узак мөөнөттө кандай натыйжаларды алып келет?

Биз бул программаны 2025–2030-жылдарга бекиттик, бирок узак мөөнөттүү, 20 жылдык өнүгүү планы катары карап жатабыз. Экономикалык туруктуулук жана өнүгүү үчүн убакыт талап кылынат. Ошондуктан, ар беш жыл сайын программанын аткарылышын жаңылап, өзгөрүүлөрдү киргизүү менен улантабыз.

Жергиликтүү жамааттардын талаптары менен жалпы улуттук кызыкчылыктын ортосунда тең салмактуулукту сактоо маанилүү. Жөн эле тапшырма берип койбостон, аймактардын мүмкүнчүлүктөрүнө да көңүл буруп, натыйжалуу колдоо көрсөтүү негизги максат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан