MegaPay жана Элкарт 2024-жылдын 16-декабрынан 2025-жылдын 16-мартына чейин MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасынын колдонуучулары үчүн масштабдуу акция өткөрөт. Уникалдуу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Башкы байге – Таиландга саякатка чыгуу үчүн эки кишилик жолдомо жана башка көптөгөн баалуу сыйлыктар!
Акцияга катышуу үчүн, POS -терминалдарда контактсыз ыкманы колдонуу менен, Элкарт Pay аркылуу заматта төлөм жүргүзүңүз.
Маанилүү: акцияга катышуу үчүн, ар биринин суммасы 200 сомдон кем эмес болгон беш транзакция аткарышыңыз керек.
MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасын кантип ачса болот?
• MegaPay колдонмосун жүктөп алыңыз же жаңылаңыз ( App Store'до жана Google Play'де жеткиликтүү);
• башкы экранда «Жаңы карта ачуу» баскычын басыңыз;
• тейлөө шарттары менен таанышып, картаны ачууга макулдук бериӊиз;
• «Картага тапшырык берүү» баскычын басыңыз;
• SMS аркылуу алынган тастыктоо кодун киргизиңиз.
Виртуалдык карта ачылгандан кийин, колдонуучу Элкарт Pay функционалын орнотуп, смартфон аркылуу контактсыз төлөмдөрдү заматта аткара алат (NFC-модулунун колдоосу менен Android OS базасындагы смартфондордун колдонуучулары үчүн).
ЭЛКАРТ Pay аркылуу NFC-төлөмдү кантип тескөө керек?
• «MEGA ЭЛКАРТ» виртуалдык картасына кирип, «NFC-төлөмдү» тандаңыз;
• «ЭЛКАРТ Pay’ди кошуу» баскычын басыңыз;
• картаңыздын маалыматтарын: номерин жана CVV- кодун киргизиңиз*;
• картанын жарактуулук мөөнөтү автоматтык түрдө көрсөтүлөт;
• маалыматтар киргизилгенден кийин, «Байланыштыруу» баскычын басыңыз;
• андан кийин SMS аркылуу келген тастыктоо кодун жазыӊыз.
Маанилүү! Смартфондо төлөөдө телефондун тескөөлөрүнө, андан кийин «Кошуулар» бөлүмүнө өтүп, «NFC жана контактсыз төлөмдөр» функциясын активдештириӊиз жана тизмеден «NFC» тандаңыз (MegaPay логотиби менен).
Элкарт Pay аркылуу контактсыз төлөм жүргүзүү үчүн, смартфонуңузду бөгөттөн чыгарып, аны POS-терминалга жакындатыңыз.
*Карта номеринин биринчи жана акыркы 4 саны картанын номерин киргизүү тилкесинде чагылдырылат. Картанын номерин жана CVV- кодун SMS аркылуу алса болот.
Маанилүү! Акцияга «Айыл Банк» ААК эмитент-банкынан банктык толук идентификациялоодон өткөн MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасынын колдонуучулары катыша алат. Виртуалдык карта MegaPay колдонуучулары, жана да Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн гана жеткиликтүү.
Ар бир транзакция − бул утушка ээ болуу мүмкүнчүлүгү!
Ыңгайлуу төлөмдү жагымдуу эс алуу менен айкалыштырыңыз − сатып алуулар үчүн төлөңүз, инновациялык төлөм чечимдерин колдонуңуз жана Таиландда ажайып эс алууну каалап жүрсөңүз, кыялыңызды орундатууга шашылыңыз!
Акциянын шарттары тууралуу кеңири маалыматты megapay.kg сайтындагы "Акциялар" бөлүмүнөн тапса болот.
MegaPay – жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!