Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола 20 жаштагы өзбекстандык футболчу Абдукодир Хусановдун трансферин жактырды. Бул тууралуу спорт журналисти Фабрицио Романо социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Буга чейин англиялык клуб Хусанов учурда ойногон Франциянын "Ланс" клубуна бонустарды кошкондо 50 миллион евро сунуш кылганы белгилүү болгон. Хусанов өзү "Манчестер Ситиге" өтүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатат.
20 жаштагы Абдукодир Хусанов 2023-жылдан бери Франциянын "Ланс" клубунда ойноп келет. Футболчунун клуб менен келишими 2027-жылга чейин түзүлгөн. Быйылкы сезондо Хусанов бардык турнирлерде "Ланс" үчүн 16 беттеш өткөрүп, бир гол киргизип, бир жолу голдук пас чыгарып берген.