Бүгүн, 10-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу казак ТИМи Телеграм каналына жарыялады.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Кулубаев менен Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.