Борбордо 6-январь күнү эки белгисиз адам сатуучуга ок чыгарып, качып кетишкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ахунбаев көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринде саат 21:30дар чамасында 20-25 жаштагы эки жигит бейбаштык менен 30 жаштагы сатуучуну ичке атып кетишкен. Окуя болгон жерде күбөлөр болгон эмес. “Тез жардам” кызматы менен ооруканага жеткирилген айымдын абалы учурда туруктуу. Азыркы тапта Октябрь РИИБи иликтөө иштерин жүргүзүүдө.