ӨКМ Бишкек-Нарын -Торугарт унаа жолунда Кытайдан унаа жүктөп келе жаткан тралдан
чыккан өрт боюнча маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, өрттөн Тойота Corolla үлгүсүндөгү беш жеңил унаа жана Фура күйүп, DI AiDi үлгүсүндөгү 2 унаа сакталып калды. Өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаары боюнча №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 9 куткаруучу тартылган.
Өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Кабарлай кетсек, бүгүн, 10-январда коңшу Кытайдан унаа жүктөп келе жаткан трал Кубакы ашуусунда өрттөнүп кеткени
маалымдалган эле.