Токаев тышкы иштер министри Кулубаевди кабыл алды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда министр Кулубаев Астана шаарына расмий сапар менен барган.

Жолугушууда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин абалы жана келечеги талкууланып, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору каралды. Ошондой эле эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө аткаруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Анда Кулубаев Актаудагы учак кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктарга жардам көрсөткөндүгү үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирди.

10.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан