Өлкөдө окуучулардын кышкы каникулу 12-январда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 3-чейрек 13-январда башталат.
"Мектеп окуучуларынын кышкы каникулун узартуу жөнүндө чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин так анализинин жана корутундусунун негизинде кабыл алынат. Азырынча мектеп окуучуларынын кышкы каникулун узартууга негиз жок" деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Буга чейин Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөн.
Анда Саламаттыкты сактоо министрлигине жана башка тиешелүү органдарга респиратордук вирустук инфекциялардын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү, эпидемиологиялык абалды такай көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилген.
Эске салсак, өлкөдө окуучулар 30-декабрда кышкы каникулга тараган.