Бишкекте Кайгуул кызматынын кызматтык унаасынын айнегин талкалаганга шектүү кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалымдалгандай, окуя 10-январда таңкы саат 5:00 чамасында Медеров жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Кипиш" түнкү клубунун жанында болгон. Анда белгисиз кыз Кайгуул кызматынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, Nexia Ravon үлгүсүндөгү кызматтык унаанын арткы сол эшигинин айнегин талкалап салган. Мындан улам тескөөчүлөр кызды милиция бөлүмүнө жеткиришкен.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө ал 1993-жылы туулган жаран экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.