Орусиянын Самара облусунда жылаңач бойдон ооруканадан качып кеткен адам түшүнүксүз жагдайда каза болду. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, Самарадан 171 чакырым алыстыкта жайгашкан Клявлино станциясында жылаңач киши чуркап келип, элдин баары алданып жатканын айтып кыйкырып жатканын байкашкан. Андан соң ал дүкөнгө кирип, ичин талкалап, кассирге кол салган. Ал кассир аялды уруп, анын мурдунун учун тиштеп алган.
Ошол маалда полиция кызматкерлери дүкөнгө кирип келип, жылаңач болуп алып жаңжал чыгарып жаткан адамды кармаган.
Кийинчерээк ал ооруканага жеткирилип, бирок ооруканада каза болгон. Учурда өлүмдүн так себеби такталууда.
Маалым болгондой, ал алгач тамак жасап жатып батири күйүп кете жаздагандан кийин ооруканага түшкөн.