Баткен облусунда жайгашкан Раззаков-Бишкек багыты боюнча каттамдын унаа токтотуучу жайынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, автотоктотмолор үчүн пайдаланылган жер тилке 2011-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Атайын кызмат жүргүзгөн иштердин жыйынтыгы менен аянты 15 сотых, наркы 22 миллион 500 миң сом болгон жер ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилди.