Лос-Анжелестеги токойдон чыккан өрттүн болжолдуу чыгымы 250-275 миллиард долларга чейин өстү. Мындай маалыматты аба ырайын көзөмөлдөгөн "AccuWeather" кызматы эсептеп чыкканын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин зыян болжолдуу түрдө 135-150 миллиард доллар деп айтылган. Катуу шамалдан улам өрт тездик менен жайылып, аны менен катар зыяндын суммасы дагы көбөйүп жатат.
Эске салсак, 7-январь күнү АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында токой өрттөрү жайылган. Метеорологдордун айтымында, штатта токойдон чыккан өрт катуу шамалдан улам күч алып, калктуу конуштарга өткөн. Анын айынан миңдеген имараттар күйүп кетсе, 180 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Мындан сырткары акыркы маалыматтар боюнча, өрттөн 24 адам каза болду.
Учурда өрттөрдү өчүрүүгө жалпысынан 14 миңдей адам, 1400 өрт өчүрүүчү унаа жана 84 учак катышууда. Жардамга АКШнын жети штатынан, ошондой эле Канада менен Мексикадан өрт өчүрүүчүлөр келишкен.