Кечээ, 13-январь күнү кечинде коңшу Казакстандын Актөбө шаарында 40 жаштагы аял жана анын ата-энеси барымтага алынып, кийин ата-энеси каза болгон.
Казак басылмалары окуя болгон жерге барып, маркумдун кошуналарынын бул үрөй учурган окуя боюнча пикирин уккан. Каза болгон улгайган жубайлардын кошуналары түгөйлөр боорукер жана ачык, бардык кошуналары менен баарлашып жүргөнүн айтышкан.
Айрым кошуналардын айтымында, барымтага алынган аял ата-энеси менен чогуу жашачу эмес. Ал кээде гана келип турчу. Ал эми үйдөгү адамдарды барымтага алган жаран кыз менен сүйлөшүп жүргөнү айтылды. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз.
Кырсык болгон үйгө өтө жакын жашаган кошуналары дагы деле өздөрүнө келе албай жатышканын айткан.
Райондун бир нече кварталы түнкүсүн толугу менен курчоого алынган. Бүгүн окуя болгон үйдүн жанынан бир нече полиция унааларын көрүүгө болот. Үйдүн дарбазасына мөөр басылган. Бул жерде тергөөчүлөр жана криминологдор ишин улантууда.
Барымтага алуу кечээ, 13-январь күнү кечинде болгон. Анда 40 жаштагы аялды ата-энеси менен чогуу белгисиз адам барымтага алган. Полиция кызматкерлери аны менен үч саат сүйлөшүү жүргүзгөн. Жыйынтык чыкпагандыктан үйгө штурм кылып кирип барышып, барымтадагыларды үйдүн жер төлөсүнөн жарадар абалда табышкан.
Улгайган аял ооруканага бара жаткан жолдо, анын күйөөсү операция учурунда каза болгон. Ал эми кыз дагы оор абалда ооруканага түшкөн.
Учурда барымтага алган жаран кармалып, тергөө амалдары уланууда.