Орусиянын "Домодедово" аэропортуна Дубай каттамынан келген 37 жаштагы адамдын жанынан 50 килограмм чач табылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазууда.
Маалыматтарга караганда, аэропортто аба жүргүнчүсүнүн чемоданын текшерүүдө 7 желим баштыкка салынган ар кандай түстөгү 300 боо адамдын чачы чыккан. Бажычылар товардын наркын 7 миллион рублга баалашкан. 37 жаштагы адам өзү чач тарач жана стилист экенин, товарды сулуулук фестивалынан 300 миң рублдан ашпаган суммага сатып алганын айткан.
Ошондой эле ал сатып алган чачтардан париктерди жана чач жасалгаларын жасоону пландаганын, бажы эрежелерин билбегендиктен товарга декларация толтурбаганын кошумчалаган. Ишти караган "Домодедово" бажысы ага 3,3 миллион рублдан ашык айып пул салган.