Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдардан шайлоону жокко чыгаруу сунушталууда

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев парламент депутаттарын бир мандаттуу округдардан шайлоо системасын жокко чыгарууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 14-январда коомдук талкууга коюлду.

Эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттар мандатын тапшыргандан кийин ал аймакта кайра шайлоо өткөрүүлөр республикалык бюджетке олуттуу чыгымдарды алып келип жатканын жүйө келтирген.

2021-жылы 11-апрелдеги референдумда макулдук берилип, ошол эле жылдын 5-майында кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо партиялык тизме жана бир мандаттуу округдарда болуп, аралаш система колдонулат. Жогорку Кеңештин 54 депутаты саясий партиялардын тизмеси (пропорционалдык система) жана 36 депутаты бир мандаттуу шайлоо округунан (мажоритардык система) шайланат.

Бир мандаттуу округдан шайланып келген депутат мандатын тапшырса, анын бош калган ордуна президент тарабынан кайра шайлоо дайындалып, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эки айдын ичинде өткөрүлүшү керек. Ал эми партиялык тизме менен шайланып келген депутат мандатын тапшырса, БШК мандатты партияда андан кийинки катарда турган талапкерге тапшырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан