Москвада гүл сатуучу дүкөндүн жанында өлтүрүлгөн жигит Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тургуну экенин аныкталды. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы Моквадагы өкүлү Руслан Эшимовго шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, тоноочулук болгон эмес. “Маркумдун чөнтөгүндө 20 миң рубль акча табылган жана дүкөндөн эч нерсе уурдалган эмес. Алдын ала билдирүүлөр боюнча, анын артынан жүрөгүнүн тушуна темир бурама аспап менен сайышкан. Азыркы тапта сөөк изилденип, дүкөндүн кожоюндары сурак берүүдө” деп Руслан Эшимов маалымдаган.
Эске салсак, орусиялык басылмалар “Тез жардамдын” кызматкерлери 6-январь күнү эртең менен киши колдуу болуп каза болгон адамдын денеси табылгандыгы тууралуу жазып чыгышкан.