Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Оштун борбордук аянтындагы Жаңы жылдык балатыны өрттөөгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан бүгүн, 8-январда кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал бул ишке майрам алдында элди дүрбөлөңгө салып, коркутуу жана майрамдык кечелерди үзгүлтүккө учуратуу максатында барган.
Учурда шектүүнүн террордук жана экстремисттик уюмдарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда.
Белгилей кетсек, Оштун борбордук аянтына 21-декабрда бийиктиги 28 метр болгон балаты орнотулуп, жарыктары жандырылган.