Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев армениялык кесиптеши Арарат Мирзояндын чакыруусу менен Арменияга барат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, Кулубаевдин иш сапары 22-23-январь күндөрү болмокчу. Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп, анын алкагында кыргыз-армян кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин спектри талкууланат.