Кечээ, 7-январда Ош шаарынын Автозаводская көчөсүнүн 25 жаштагы тургуну 4-кабаттан, өз үйүнөн боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, баланын ата-энеси жакында эле каза болгон. Күйүтүнө чыдабаган ал алгач туугандары менен коштошуп, андан кийин 4-кабаттан боюн таштап жиберген.