"Ал периште эмес". Трамп Зеленскийди катуу сынга алды

АКШнын президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына берген маегинде Украинанын президенти Владимир Зеленскийди катуу сынга алып, аны Орусия менен тил табышуунун ордуна кеңири масштабдагы согуштун башталышына жол берген деп айыптады.

"Билесизби, ал периште эмес. Ал бул согуштун болушуна эч качан жол бербеши керек эле", - деди Трамп.

Америкалык лидердин айтымында, сүйлөшүү жолу менен кол салуунун алдын алса болмок.

Мен оңой эле келишим түзө алмакмын. Ал эми Зеленский "мен согушам" деп чечти", - деп кошумчалады ал.

Интервью учурунда АКШ президенти Москва согушту токтотуу келишимине макул болбосо, Орусияга каршы “чоң санкциялар болот" деген эскертүүсүн дагы бир жолу кайталады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан