Бишкекте 18 жаштагы кыз талап-тоноо фактысы менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Бишкек ШИИББи кабарлады.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүнүн 19 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда үйүнүн жанынан ага бейтааныш кыз кол салып, кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алгандыгы жазылган.
Ленин РИИБинин кызматкерлери кылмышка шектүү деп 18 жаштагы кызды колго түшүрүшкөн. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.