Жайыл районундагы Полтавка айылында арыктан 57 жаштагы аялдын жансыз денеси
табылды.
Бул тууралуу 8-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка
ылайык, айылдын тургуну, 1956-жылы туулган Жаңыл Асылбашеванын жансыз денеси 2-январда саат 19:00дө арыктан табылган. Сөөк өлүкканага жеткирилип, учурда өлүмүнүн
себептери такталууда.