Баткен облусунда Сирияга кетүүгө камданып жаткан 5 жигит кармалды. Баары 19-20 жаштагы балдар. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 8-январда билдирди. Маалыматка караганда, алар өз каражаттарына кетишмек. Учурда аларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле ИИМдин маалыматына караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 20 жаштагы Ю.М. аттуу тургуну балдарга үгүт иштерин жүргүзүп келген. Ал бир канча жыл Орусияда иштеп, август айында Кыргызстанга келген. Учурда анын жүргөн жерин тактоо жана кармоо иштери жүрүүдө.