Бейшеналиев депутатка суроосун Садыр Жапаровго берүүсүн өтүндү. Кеп эмне жөнүндө? (видео)

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясы жана "Ыйман нуру" депутаттык тобунун жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Айсара Абдибаевадан суроосун президент Садыр Жапаровго берүүсүн өтүндү.

Эл өкүлү министрден "Кыргыз фармация" ишканасынын жетекчиси эмне үчүн кызматтан алынганын сурады. Бейшеналиев "Садыр Нуркожоевичтен сураңыздар" деп жооп берди.

Ошондой эле Абдибаева министрден түшүндүрмө берүүсүн сураганда түшүндүрмө бере албастыгын айтты.

"Жумуштан алынышынын негизин айта албайт экенмин. Нуркожоевич өзү мага "бир сааттын ичинде кызматтан ал" деп буйрук берди. Мен бир сааттын ичинде бошоттум", - деди Бейшеналиев.

31.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан