Ош шаарында террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-январда билдирди. Маалыматка караганда, 1974-жылы туулган П.Х.Н. аттуу жаран Ооганстандын аймагында машыгуудан өткөн. Ал буга чейин эл аралык издөөгө алынган. Кыргызстандын аймагында террористтик акцияларды кылуу үчүн жардыруучу жана ок атуучу курал издеп жүргөн. Учурда камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.