Дональд Трамп Орусия жана Украина менен байланыштарын жарыялады

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия жана Украина өкүлдөрү менен жолугушууларды жана байланыштарды өткөрүү пландары тууралуу айтты. Анын Вашингтондун жанындагы Эндрюс авиабазасында сүйлөгөн сөзүн Fox News телеканалы көрсөттү.

"Биз үчүн бул дем алыш күндөрү абдан чыңалуу менен өттү. Биз Израил менен иштешип жатабыз. Биз Украина жана Орусия менен иштешип жатабыз. Ар кандай тараптар менен, анын ичинде Украина жана Орусия менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр пландаштырылган", - деди ал.

Анын айтымында, бул талкуулар абдан ийгиликтүү жүрүп жатат.

Эске салсак, 1-февралда Трамп анын администрациясы Украинадагы согуш боюнча Москва менен өтө олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, ал жана Орусиянын президенти Путин жакын арада үч жылга созулган жаңжалды токтотуу үчүн олуттуу чараларды көрүшү мүмкүн экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан