Рэпер P. Diddy түн жарымында түрмөдөн ооруканага жеткирилди

Абакта жаткан P. Diddy каймана аты менен белгилүү америкалык рэпер Шон Комбс түн жарымында тез арада ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

P. Diddy буга чейин тизесинин катуу ооруганына даттанган. Мындан улам ал чыдай албай жатканын айтып, шашылыш ооруканага жеткирилген.

Белгилүү болгондой, бул рэпердин тизесинин биринчи жолу оорушу эмес. 2020-жылы ал эки жыл ичинде төрт операция жасаткан.

P. Diddy сексуалдык зордуктоо жана адам сатуу боюнча айыпталууда. Жүздөгөн адамдар анын курмандыгы болгону айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан