Сокулук районунда дайынсыз жоголгон аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-январда милицияга 26 жаштагы жаран кайрылып, 39 жаштагы эжеси 28-январдан бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Иликтөөдө жакындары ошол күнү саат 23:00дөр чамасында Төш-Булак айылындагы мектеп-интернатынын аймагында жайгашкан мончого баруу үчүн үйдөн жеке буюмдары менен чыгып кеткенин, эртеси мончого алып кеткен буюмдары үйдөн табылганын билдиришкен.
31-январда аталган мектеп-интернаттын короосунда жайгашкан кудуктан зомбулук менен өлтүрүлгөн жансыз дене табылган. Ал изделип жаткан 39 жаштагы аялдын сөөгү экени такталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.
Шектүү катары 40 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.