Дагестандын борбору Махачкала шаарында үй мышыгы 7 жыл мурун каза болгон ээсинин мүрзөсүнөн кетпей жатат. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жазып, анын видеосу менен бөлүштү.
Маалыматка ылайык, мышыктын ээси 7 жыл мурун каза болгон. Ошол убактан бери үй мышыгы ээсинин мүрзөсүнөн кете элек. Ал кышында дагы ушул мүрзөдө жатат. Акыркы убактарда аны көптөгөн адамдар байкашкан. Мышык бул убакыт аралыгында карып, алсырап, тиштери түшүп калган.
Махачкаланын тургундары мышыкты пневмония жуктуруп алып, оор абалда мүрзөдө жаткан жеринен табышып, атайын медициналык пунктка алып барышкан.
Учурда мышык аталган борбордо, аны Санкт-Петербургга жеткирүү пландалууда.