2013-жылы Жалал-Абад облусунда 190 мал уурулук фактысы катталган. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мал уурулук боюнча 164 кылмыш иши козголсо, 158и тергелип, анын 128инин бети ачылган. Келтирилген зыян 12 миллион 354 миң сомду түзгөн. Анын 5 миллион 945 миң сому мал ээлерине өндүрүлүп берилген.