Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде уурдалган сүрөттү издөө иштери жүрүп жатат. Азырынча шектүү жок. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, музейдин бир канча кызматкери суракка алынган. Бирок натыйжа чыккан эмес. Учурда сүрөт республиканын аймагында гана изделүүдө.
Эске сала кетсек, 2013-жылдын 27-декабрында Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Иван Айвазовскийге таандык сүрөт уурдалган. Ал “Крымдагы деңиз пейзажы” деп аталат. Сүрөт музейдин экинчи кабатындагы орус көркөм сүрөт залында илинип турчу.