Бишкек шаарында бир катар уурулук жасоого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 29-сентябрда түнкү саат 03:00 чамасында мечиттердин бирине терезе аркылуу кирип, 330 миң сом уурдап кеткен. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү кармалып, Ленин райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 СИЗОсуна 2 айга камакка алынды. Тергөөдө анын ушул сыяктуу дагы 8 кылмышты жасоого катыштыгы бар экени аныкталды. Учурда кылмыш иши кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.