Дональд Трамп дагы бир жолу Газа тилкесин сатып алууга даяр экенин айтты

АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Палестина ортосунда жайгашкан Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнөкөй жол менен чечүүнү сунуштады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти журналисттер менен болгон маегинде аймакта тынчтыкты орнотуу жана инфраструктураны абдан жөнөкөй жол менен калыбына келтирүүгө болорун айтты.

"Мен Газа тилкесин сатып алуу жана аны өз күчүбүз менен калыбына келтирүү идеясын колдойм. Биз Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөргө алардын инфраструктурасын кайра куруу мүмкүнчүлүгүн бере алабыз", - деген Трамп.

Ошондой эле ал Кошмо Штаттары "Газаны өз көзөмөлүнө алышы керек" жана "ХАМАС" кыймылы ал жакка кайтып келбесин" деген.

Трамп анклавды кыйраган жайга салыштырып, анклавдын тургундарынын кайтып келе турган жери калбай калганын белгилеген. Мамлекет башчысы Газадан жүз миңдеген палестиналыктарды күч менен көчүрүү идеясын жайылтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан