Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда чыккан өрттөн эки жаран каза тапты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Эркин Чечейбаев билдирди.
Анын айтымында бейтаптардын бир бөлүгү операциядан кийин жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Өрт чыккан учурда коопсуз жайга куткаруучулар эвакуациялаган. Министр 9 жаран жана 7 жаш бала башка ооруканаларга которулганын кошумчалап, алар орточо оор абалда экенин билдирди.
Анын айтымында, жер төлөдөгү өрттүн түтүнү вентиляция системасы аркылуу бүт ооруканага тарагандыгын айтып өттү.
Белгилей кетсек, Улуттук кардиологиядагы өрттү өчүрүүгө саат 21:07де жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты тартылган. Тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 23:15те толук өчүрүлгөн.