Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчисинин орун басары болуп Кубатбек Оморов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 12-февралда маалымдады.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Нурадил Баясов аркалаган.
Оморов 2020-жылдан бери Жогорку Кеңештин аппаратында, президенттин аппаратында иштеп, ар кандай кызматтарда, анын ичинде мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.