Депутат Малиев Нурдан Орунтаевге тапшырмасын аткарса эстелик тургузуп берерин айтты

Бүгүн, 13-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев талапкерлиги архитектура жана курулуш министрине каралып жаткан Нурдан Орунтаевге эстелик тургузуп бере аларын айтты.

Ал үчүн Орунтаев эл өкүлү тизмектеген Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы бир катар айылдын мектеп, бала бакча боюнча маселелерин чечип берүүсү керек.

"Ушуларды эске алып, иштеп берсеңиз, биз сизге Тоңдон жер бөлүп, тирүү кезиңизде эстелик коюп беребиз", - деди Малиев.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында депутаттар Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук беришти. Ал эми президент Садыр Жапаровдун 11-февралдагы жарлыгы менен жаңы түзүлгөн министрликти башкарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан