Кызыл-Кыя шаарынын тургундары киши тоноого шектелип кармалды

Кызыл-Кыя шаарынын 55 жаштагы тургунун тоногонго шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Баткен облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Кызыл-Кыя шаарынын 55 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучу шаардагы көчөлөрдүн биринде чала тааныш 2 адам аны уруп, колундагы кол телефонун жана капчыгындагы 9600 сом акчасын тартып алганын айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо ) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары мурда сот жоопкерчилигине тартылган Кызыл-Кыя шаарынын 36 жаштагы М.А. жана 33 жаштагы Г.А. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан