Бүгүн, 13-февралда Бишкетеги №72 мектептеги окуучунун өлүмүнөн кийин директор жана башка бир катар кызматкерлер иштен алынды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, Билим берүү департаментинин буйругу менен функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандар кызматынан бошотулган.
- мектептин директору Дамира Назаркулова;
- директордун тарбия иштери боюнча орун басары А.Орозбаева;
- соцпедагог М.Базарбаева;
- класс жетекчиси А.Каракойчиева.
Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова №72 мектептин окуучусу ур-токмоктон каза болгонун айтып чыккан. Мындан соң Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын, иш райондук милициянын жетекчилигинин көзөмөлүндө экенин билдирген.