Акыркы сутка ичинде республика аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 9-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 3, Бишкек шаарында 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттөрдүн келип чыгуусуна көпчүлүк учурларда меш жана морлордун туура эмес түзүлүшү, электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эрежелердин сакталбагандыгы себеп болгон. Өрттөн жабыркагандар жок.