Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда ал Кара-Жыгач жаңы конушунан белгисиз адам күч колдонуу жолу менен уюлдук телефонун тартып алганын айткан.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында изи сууй электе кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Ишен кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.