Чүйдө малчы ээсинин 35 жылкысын сатып жиберүүгө шектелип кармалды

Чүйдө бир адамдын малын карап иштеген 54 жаштагы жаран 35 баш жылкыны сатып жибергенге шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга кайрылган 65 жаштагы жаран малчысы өткөн жылдын майынан январга чейин жылкыларын кымырып алганын айткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө шектүү малды багып бермекчи болуп, бирок акча табууну көздөп жылкыларды башка адамдарга сатып жибергени аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан