Ош облусунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен сүт-товар фермасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Алай районундагы аталган жер тилкеси 1995-жылы мыйзам бузуу менен жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталган.
"Тергөөнүн алкагында жер тилкенин ээси М.С. УКМК кызматкерине текшерүү иштерин токтотуу үчүн пара берип жаткан учурда кармалды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Алай районундагы сүт-товар фермасынын жер тилкесинин ээси бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, жогоруда белгиленген жер участогун өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берди", - деп айтылат маалыматта.