Кечээ, 8-январь күнү Ош шаарындагы Исанов көчөсүндө саат 16:25 чамасында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Хундай-Аванта унаасынын айдоочусу рулду башкара албай зым карагайды сүзгөн. Жаракат алган айдоочу ооруканага жеткирилген.