2013-жылы Кыргызстандын аймагында 102 адам түрдүү себептер менен сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда 34, Жалал-Абад облусунда 19, Ысык-Көл облусунда 14, Ош облусунда 11, Баткен облусунда 6, Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 5, Нарын облусунда 4, Талас облусунда 3 адам каза тапкан. Жайкы сууга түшүү сезонунда чөгүп кеткендердин саны 77 адамды түзөт, анын 22си жаш балдар.