Бүгүн, 27-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоонун алкагында кайсы аймактарды алмашышканын Жогорку Кеңеште айтып берди.
Тажикстан Кыргызстанга Кайрагач участкасынан 155 гектар жерди жана Кайрагач анклавынан 35 гектар жерди өткөрүп берген. Аймактын жалпы аянты 190 гектарды түзөт. Ташиевдин айтымында, бул жерлерди Баткен жана Лейлек районунун тургундары жакшы билишет.
Өз кезегинде Тажикстанга Кыргызстандын Лейлек районунан 190 гектар жер берилди. Ал жерлер: Саада – 21 гектар;
Раззаков участогу – 23 жарым гектар;
Селкан – 4 гектар;
Майды – 7 гектар;
Пролетарск – 12 жарым гектар;
Улак-Жай – 15 гектар;
Ак-Арык – 7 гектар болгон жалпы 90 гектар жана Баткен районунун Кара-Бак участогунан 65 гектар берилди. Бардыгы 155 гектар берилди.
Ташиевдин айтымында, 1991-жылдагы чек ара сызыгы Худжанд-Арка-Канибадам жолунун тең ортосунан өткөндүгүнө байланыштуу бул автожол толугу менен жана 3 гектар болгон "Достук" жайма базары кошуна тарапка жазылды. Бул жерлердин бардыгынын аянты 12 гектар. Кыргызстан анын ордуна эки эсе көп, тагыраагы, 25 гектар сугат жерин Тажикстандан алды.
"Эмне үчүн? Себеби биз "бул базар, коммерциялык жер" деген талапты койдук. Экинчиден, жол деген бул өзөк. Ушулардын баарын айтып отуруп, алардан эки эсе көп жер аянтын алдык", - деди Ташиев.
Ошондой эле Тажикстан кыргыз тарап пайдаланган Кара-Бак жана Лаккон аймактарынан 200 гектар жерди алат. Анын ордуна 200 гектар, анын 130 гектары Кара-Бак–Лаккон участкасынан, 70 гектары Курук-Сай участкасынан Кыргызстанга жазылды.
Ташиевдин айтымында, эми Кайрагач тилкесиндеги мамлекеттик чек ара сызыгы Селкан каналын бойлой өтөт, ал эми Кайрагач анклавы мындан ары жок болот. Карабак–Лаккон тилкесиндеги унаа жолу тажик тарапта калды.
"Тажик тарапта айланып өтө турган жолу бар эле. Анан алар бизден "айланып өтүп жатабыз, бизге түз өткөнгө шарт түзүп бергиле" деп суранышты. Биз сунушун кабыл алып, аларга 200 гектар бердик дагы, ошол эле жерден 200 гектар суулуу жерди алдык", - деди Ташиев.
"Головной" эмне болду?
Камчыбек Ташиев чыр чыгып келген "Головной" тилкесиндеги үч люктун 1,5ы - үч-төрт метр жер Кыргызстанга өтүп, ошончо өлчөмдөгү жер тилкеси 1,5 люк менен Тажикстан тарапка өткөнүн айтты.
Анын ордуна Кыргызстан төмөнкүлөрдү алат: Унжу-Булак участогунан 500 гектар жер (Чоң-Алай району);
Кароол-Дөң участогунан 100 гектар жер (Сүлүктү шаарынын кире беришинде);
Каттатуз участогунан 150 гектар. Жалпы кыргыз тарапка 750 гектар өттү.
Мындан тышкары Баткен облусунун жана Согди облусунун (Тажикстан) аймактары жөнгө салынды. Тажик тарап төмөнкүлөрдү алат: Достук айылынан 91 гектар жер;
Мазейит аймагындагы 8,3 гектар жер;
Көк-Терек айылынан 17,5 гектар жер;
Таш-Тумшук айылынан 20,1 гектар жер;
Дача участогунан 5 гектар жер.
Жыйынтыгында 141,9 гектар жер тажик тарапка өткөн. Ордуна Кыргызстан төмөнкү жерлерди алды: Сомониен айылынан 18,4 гектар жер;
Дахма участогунда 33,1 гектар жер;
Хожаи-Аало айылынан 21 гектар жер;
Гавсувар участкасында 2,7 гектар жер;
Миң-Булак участкасынан 42 гектар (багы менен) жер;
Лаккон участогунун 55 гектары.
Кыргызстанга өткөн аймактын жалпы аянты 142,7 гектарды түзөт. Мындан тышкары Достук айылындагы жаңы үйлөрдүн компенсациясы катары кыргыз тарапка Лаккон аймагынан 30 гектар жер берилет.
Достук айылын биз жаңыдан куруп чыкканбыз. Достук айылында жаңы үйлөр, чек ара заставабыз бар. Аларды дагы кошуп берип, компенсация катары 30 гектар жер алдык. Мен ойлойм, үйлөрдү бузса, курса боло берет. Бирок жер баасыз экенин билесиздер. Ошондуктан 30 гектар суулуу жерди Кара-Бак айылынын жанынан алдык", - деди Ташиев.
Ташиев эми Достук айылынын тургундары көчүрүлүп, жаңы алынган жерге мамлекет тарабынан үй салынып берилерин айтты.
Ташиевдин айтымында, эң оор сүйлөшүүлөр Ворух анклавы боюнча болгон. Анын айтымында, 1991-жылдан бери тажик тарап Ворухтун сыртында 19 миң гектар жерди пайдаланып келген. Тоолуу рельеф негизинен мал жаюуга пайдаланылган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бул аймак 14,5 гектар жерге чейин кыскартылды.
Ташиев кошумчалагандай, пайдаланылган аймактын кыскарышына байланыштуу тажик тарап 5 миң гектар жайыт жерин берүүнү суранган. Кыргызстан макул болгон жок. Жыйынтыгында Ворухтун жанындагы 1 миң гектар жайыт жерди тажик тарапка өткөрүү боюнча келишим түзүлдү. Өз кезегинде Кыргызстан Чоң-Алай районуна жакын Караган-Сай аймагынан 1 миң гектар жайыт жерин алат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкеси нейтралдуу статуска ээ болот. Башкача айтканда, туурасы 40 метр болгон жол нейтралдуу болуп, эки тарап тең пайдалана турган болду.
Узундугу 3400 метр болгон Дача–Капчыгай автожолун тажик тарап, 3300 метр Миң-Өрүк–Самаркандек жолун кыргыз тарап пайдаланат.